Биз менен байланышыңыз

Баткенде Суу-Башы каналы оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 25 Июл 2023 | 230 | 0

Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу-Башы каналынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган канал 1964-жылы курулган. Анын эскилиги жеткендиктен суу 50%га чейин жоготууга учурап, айылда суу таңкыстыгы пайда болгон.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн үстүбүздөгү жылдын башында эл менен жергиликтүү бийликтин биргелешкен аракети астында каналдын жарактан чыккан бөлүгүн кайра куруу пландаштырылган. «Эмират» кайрымдуулук уюму каржылык колдоо көрсөтүп, курулуш башталган.

Натыйжада узундугу 20 чакырым болгон каналдын 2,500  чакырымы кайрадан курулду. Курулуштун жалпы сметалык баасы 14 млн 600 миң сомду түздү.

«Эмират» эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан 60 миң АКШ доллары, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 750 миң сом каражат жумшалды.

Каналдын курулушу менен айылдын 550 га кургап кеткен жери суу менен камсыз болот. Учурда 1 кубка жакын суу келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM