Биз менен байланышыңыз

«Салык чек» лотереясынын катышуучулары 250 миңден ашты

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 290 | 0

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышкандардын саны 251 миң 700 адамды түзүп, 3 жумада 13 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады. 

2-июлдан тарта «Салык чек» тиркемеси аркылуу кассалык чектер 1,3 млрд сомдон ашык суммага сканерленди.

Лотереянын утушунун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот. Анда 1244 байге, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесин жүктөп алуу жана катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM