Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашууда тоннель 26-июлдан тарта 10 сааттан жабылып турат

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 1098 | 0

Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Буга байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин,

Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.

Бишкекти көздөй — Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн-16:00гө чейин,

Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00-16:00гө чейин жабык болот.

Бул күндөрү тоннелдин 2510 метр жолу менен асфальтталат.

«Акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн тоннель быйыл реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлүүдө. Тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, жарыктар орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси жүрүп, тоннелдин бетон плиталары алмаштырылды. Азыркы тапта эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрүүдө» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM