Биз менен байланышыңыз

Бишкектин муниципалдык ишканаларына атайын техникалар алынды

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 221 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык ишканалар үчүн атайын техника жана жабдууларды сатып алды. Маалыматка караганда, борборго жалпысынан 76 атайын техника алынып келинген, анын 61и техника, 16сы жабдуу.

Мындан тышкары «Бишкек суу чарба» ишканасына дагы бир атайын техника алып келинет.

Техникалар «Бишкек жашыл чарба», «Бишкек суу чарба», «Бишкек жарык», «Бишкек шаар лифт», «Бишкек асфальт сервис», «Тазалык», «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканаларына алынды.

Арасында дөңгөлөктүү экскаватор, кран-манипулятор, автомунара, таштанды ташуучу унаа, сугаруучу унаа, тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү инсиниратор жана башкалар бар.

Мэриянын басма сөз кызматы «Маралга» тактагандай, атайын техникалар мэриянын бюджетинен алынды жана ага 331,7 млн сом жумшалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM