Биз менен байланышыңыз

Кеминде калкты тейлөө борборун курууда 4,6 млн сом зыян келтирилген

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 198 | 0

Башкы прокуратура Кемин районунда калкты тейлөө борборун курууда мамлекетке 4 млн 675 миң сом өлчөмүндө чыгым болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, айрым кызмат адамдары баштапкы сметада аныкталган 27 млн 988 миң 503 сомдон тышкары кошумча акча каражат керектелип жатканын жүйө кылып, куруучу «М.С.» ЖЧКсынын эсебине 4 млн 500 миң сомду түз которушкан. Мында сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузулган.

Ошондой эле, калкты тейлөө борборунун имаратынын курулушуна 2021-жыл ичинде жасалган айрым жумуштарга текшерүү жүргүзүлгөндө баалары жогорулатылганы, актыда белгиленген курулуш материалдары пайдаланылбагандыгы аныкталган.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 4 млн 675 миң сом зыян келтирилген.

Кемин райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») 245-беренеси («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») менен иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM