Биз менен байланышыңыз

25-июлдун аба ырайы

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 100 | 0
Кыргызстан, Сары-Челек.

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 25-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +22…+27, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Нарын облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +21…+24, күндүзгү жогорку температура +37…+37 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM