Биз менен байланышыңыз

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 263 | 0

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Лазурный көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, кошумча 2 үйдүн чатырына өткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт саат 11:24тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Такталган маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 7 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде жалпы бешөө иш алып барган. Өрттөн болжол менен 400-450 чарчы метр жер күйгөн.

Мындан сырткары Бишкек шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу унаасы, саламаттык сактоодон «Тез жардам» кызматы, Бишкек электр тармагынан электриктер иштеген.

Алдыда кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM