Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 283 мас айдоочуга айыппул салынды

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 179 | 0

Кыргызстандын аймагында 17-июлдан тартып, 23-июлга чейин 22 215 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол эрежесин бузгандардын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 298;

— мас абалында унаа каражатын башкаруу — 283;

— унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 58;

— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 269;

— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 374;

— авто ээнбаштык — 3;

— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 599;

— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 6;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 325;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 696 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM