Биз менен байланышыңыз

«Туугандарга сабак болсун». Жапаров инисинин кармалганы тууралуу комментарий берди

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 1050 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине 24-июлда берген маегинде иниси Улан Жапаровдун кылмыш иши тууралуу комментарий берди.

Ал баарына мамиле бирдей болорун, мамлекетке чыгым келтиргендер төлөшү керектигин айтты.

«Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң. «Менин иним эле» деп камабай койсом, башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда «Бирге жаза, миңге сабак» деген жакшы сөз бар » , — деди ал.

Президенттин тууганы 32 жаштагы Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деген шек менен кармалган.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен №1 тергөө абагына 26-июлга чейин камакка алынган. Ишти Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тергеп жатканы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM