Биз менен байланышыңыз

Астанада кыргызстандыкты сабаган мушкерге издөө жарыяланды

Кыска кабар | 24 Июл 2023 | 313 | 0

Казакстандын Астана шаарындагы MEGA Silk Way соода борборунун балдар аянтчасында кыргызстандык жаранды сабаган казакстандык мушкер Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Казакстандын укуктук статистика жана атайын эсепке алуу органдарынын расмий порталында маалымдалды.

Ички иштер министрлиги Шуменовго 22-июлда издөө жарыялаган.

Мушкер тарабынан сабалган кыргызстандык 13-июлда Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине чакырылып, консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Бул окуяны Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги көзөмөлгө алган.

Астанада бокс боюнча дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов кыргызстандыкты сабап салганы жөнүндө видео социалдык тармактарда тараган. Казакстандын ички иштер министрлиги бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сабаган адам казакстандык белгилүү мушкер Бейбут Шуменов экенин ырастаган.

Окуя 18-июнда болгон. Жабырлануучунун жактоочусу Канат Тлеужан видео жарыяланганга чейин арыз жазылганына карабай милиция менен прокуратура бул ишке көңүл бурбай келгенин айтып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM