Эртең, 25-июль күнү саат 08:00дөн 26-июль саат 09:00го чейин Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Төмөнкү даректердеги турак-жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жайга ичүүчү сууну берүү токтотулат:
Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская — Шүкүров көчөлөрү.
7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү, Чоң Чүй каналы.
Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү.
Мындан тышкары, 11-кичирайондогу профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу «Көк-Жар», «Улан-1», «Улан-2» кичи райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат.