Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда операциядан кийин 20 жаштагы блогер көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 576 | 0

Өзбекстанда 19-июлда блогер Asad Algo мээсине жасалган операциядан кийин көз жумду. Бул тууралуу кабар анын Instagram баракчасына жарыяланды.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталганын билдирди. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

5-мартта Ташкентте Mittivine деген каймана ысым менен белгилүү 26 жаштагы блогер Фарход Маннопов мурдуна жасалган операциядан кийин каза болгон. Социалдык тармактардагы билдирүүлөргө караганда, белгилүү вайнердин өлүмүнө наркоздун ашыкча дозасы себеп болгон.

23-майда Өзбекстандын Фехтование федерациясынын башкы калысы Аида Гасанова 39 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан. Ага чейин ал жеке косметологиялык клиникада пластикалык операция жасаткандан кийин реанимацияга түшүп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM