Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуу тоннелиндеги оңдоо иштери 10-августка чейин бүтөт

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 243 | 0

Төө-Ашуу ашуусундагы тоннелдеги оңдоо иштери 10-августка чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу транспорт жана коммуникацялар министри Тилек Текебаев 20-июлда өкмөттүн жыйынында айтты.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда тоннелдин ичиндеги жолду оңдоп түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу 12-июлдан бери жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип жатат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы билдиргендей, тоннелдин ичин убактылуу жабуу убактылары төмөнкүдөй түзүлгөн:

-таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин;

-10:00дөн 12:00гө чейин;

-14:00дөн 16:00гө чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM