Биз менен байланышыңыз

УКМК башчысы күйүүчү май аткезчилиги токтогонуна ишенет

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 145 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майлардын ташылышы токтотулганын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында айтты.

Бул бажы, укук коргоо, коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин түнү-күнү иштегенинин натыйжасы экенин Ташиев кошумчалады.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттары контрабаны коргогонду токтотушу керектигин эскертти.

Ташиев берген маалыматка таянсак, алты айда кармалган контрабандалык товардын суммасы 594 миллион сомду түзсө, бюджетке 308 миллион сом түшкөн. Баткендеги жана башка аймактардагы күйүүчү май аткезчилигин жоюу үчүн атайын топ түзүлгөн. Фактылар дээрлик токтоду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM