Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров начар жана мыкты иштеген мамлекеттик органдарды атады

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 209 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча эң начар жана мыкты иштеген мамлекеттик органдарды атады.

Планды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын алган баалары атайын иштелип чыккан Баалоо методикасы боюнча аныкталды.

Мониторингдин жыйынтыгында:

“эң жакшы” деген баа менен –11 мамлекеттик орган,

“жакшы” деген баа менен – 8 мекеме,

“канааттандырарлык” деген баа – 4 мекеме

“канааттандыраарлык эмес” деген баа менен экөө.

Эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдардын тизмеси:

— «Мыкты» баа алгандар — Саламаттык сактоо, Айыл чарба, Билим берүү, Тышкы иштер, Энергетика министрликтери; облустардан: Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустары жана Бишкек жана Ош мэриясы.

— «Жакшы» деген баа алгандар — Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Ички иштер министрлиги, президенттин Ысык-Көл жана Сүй облусундагы өкүлчүлүктөрү, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги.

— «Канааттандырарлык» баа алгандар — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги, президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү, Жарандык коргоо агенттиги.

— «Канааттандырарлык эмес» деген баа менен — Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Мамлекеттик курулуш агенттиги.

2023-жылга карата планга 554 иш-чара кирген. 1-июлга карата 92 иш-чаранын аткаруу мөөнөтү келди. 92 иш-чаранын ичинен:  Аткарылганы – 71, же 77 %ды түздү.

Бүгүн, 20-июлда министрлер кабинетинин жарым жылда жасаган ишмердүүлүгү боюнча жыйын өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM