Биз менен байланышыңыз

«Күнгө кактанып жатканыңарды көрбөйүн». Ташиев министрлерди урушту

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 84 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында министрлер эс албай иштеши керектигин эскертти. Өкмөт өкүлдөрү эмгек өргүүсүнө чыкпай, көлгө барып эс албай иштеши керектигин айтты.

«Айрыкча министрлер, Көлдө чолок шым кийип алып, күнгө кактанып жаткан бир дагы министр болбошу керек. Үйүңөрдө дем алгыла, иштегиле. Өзүмдү мисал келтирсем, мен бүгүн таңкы саат 5тен бери жумуштамын. Министрлер жумушка саат 8:30-9:да келет. Андай болбошу керек. Министрлердин баары таңкы саат 6дан баштап жумушта болушуңар керек. Эл жолго чыкканда силер дагы тыгын жасабай, саат 6-6:30да жумушта болушуңар керек. Бул биздин элге көрсөткөн үлгүбүз болот. Кызматкерлериңер да жумушка эртерээк келет», — деди Ташиев.

Бүгүн, 20-июлда министрлер кабинетинин жарым жылда жасаган ишмердүүлүгү боюнча жыйын өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM