Биз менен байланышыңыз

Ташиев: «Коррупционер болсоң, мамлекетке иштебе. Кууп жетип, жазалайбыз»

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 1141 | 0

Мамлекеттик кызматта иштеп туруп коррупцияга аралашкандар катаал жазага тартылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

Ташиев мамлекеттик кызматка келерден мурун ойлонууга чакырды.

«Мурдагыдай тааныш-тамыр, жердешчилик, тууганчылык, досчулук деген жок. Ким мамлекеттик кызматта иштеп, коррупцияга аралаша турган болсо, ар бири жоопко тартылат. Ошондуктан мамлекеттик кызматка келерден мурун ойлонгула. Таза иштей албасаңар, анда мамлекетке иштебей эле койгула, бизнес менен алектенгиле, бала-чакаңарды баккыла, ойногула-күлгүлө. Мамлекеттик кызматта бекер эле өзүңөрдү да, башканы да кыйнабагыла. Мындан ары чаралар катуу болот. Иштен кеттим, билинбей калат дебегиле » , — деди Ташиев.

УКМК башчысынын маалыматына караганда, биринчи жарым жылдыкта Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 831 материал катталган. Экономикалык кылмыштардан бюджетке 6 миллиард сомдон ашык каражат түштү.

2020-жылдын 10 айына салыштырмалуу бюджетке 120 миллион сом түшсө, быйыл алты айда 6 миллиард сом түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM