21-июлдан 23-июлга чейин Бишкекте канализациялык коллектордун оңдолоруна байланыштуу Чүй — Фучик кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү каттамдардын схемалары жарым-жартылай өзгөртүлөт:
— 2, 10 маршруттар «Фрунзе заводунун» акыркы аялдамасынан эки тарапка Москва көчөсү менен жүрөт, андан ары маршрут боюнча.
— 14-маршрут Д.Сяопин проспектисинен Интергельпо-Московская-Бейшеналиева-Чүй көчөлөрү менен кетет жана андан ары машрут боюнча.