Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен наристени издөө иши уланууда

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 194 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн, 20-июлда издөө иштерин улантуу үчүн Аламүдүн райондук куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу, Сокулук райондук бөлүмдөн 5 куткаруучу, Ысык-Ата райондук бөлүмдөн 5 куткаруучу чыкты.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 18-июль күнү бир жашар кыз Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Кызын куткарам деген келин 1996-ж.т. А.Э. да сууга агып кеткен.

Ошол эле күнү куткаруучулар келиндин жансыз денесин табышкан. 19-июлда капчыгай суусунан наристе изделип, кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM