Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын эксперттери келет

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 73 | 0

Президент Садыр Жапаров 19-июлда Сауд Арабияysy Жидда шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту.

Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргызстандын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2023-2027-жылдарга карата Кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу жана тез арада кол коюу зарылдыгы белгиленди.

Президент 2022-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусундагы төртүнчү тегерек столдун жүрүшүндө Ислам өнүктүрүү банкына өткөрүлүп берилген бир катар конкреттүү долбоорлорду кароону тездетүү маселесин козгоду.

Топтун мүчөлөрүнүн кароосуна турак жай куруу, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарында инвестициялык долбоорлор коюлган.

“Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасы жана «Корумдудан Балбай баатырга чейин 104-184,5 км Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо» долбоорлорун каржылоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти айтылган долбоорлор боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн, алардын алдыга жылышы анын жеке көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Анын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын эксперттик миссиясы кыргыз тарап менен жогоруда белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулоо үчүн жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM