Биз менен байланышыңыз

Бишкектин бир катар райондорунда суу өчөт

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 91 | 0

25-июль саат 08:00дөн 26-июль саат 09:00го чейин Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Төмөнкү даректердеги турак-жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жайга ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская — Шүкүров көчөлөрү.

7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү, ЧЧК.

Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү.

Мындан тышкары, таза суу 11-кичирайондун Д-500мм суу өткөргүчүндөгү профилактикалык  оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Буга байланыштуу “Көк-Жар”, “Улан-1”, “Улан-2” кичи райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM