Биз менен байланышыңыз

Баткендин Тажикстан менен чектеш аймактарында 15 социалдык обьекти курулууда

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 241 | 0

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек аралаш аймактарында 15 социалдык обьектинин курулушу, капиталдык оңдоо иштери АРИС уюму тарабынан ишке ашырыууда. Анын ичинен он обьект жаңы курулуп жатат, бешинде капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Курулуш иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган. Аларды керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо жагы да каралган.

— Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылында 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектептин курулушу,

-Ак-Сай айылында 75 орундуу «Эделвейс- Жакшылык » балдар бакчасы,

-Көк-Таш айылында 120 орундуу Көк-Таш башталгыч мектеби,

-Көк-Таш айылында 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы,

-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов  орто мектебине 100 орундуу кошумча окуу корпусу,

-Кара-Бак айыл өкмөтүнун, Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев орто метебине 150 орундуу кошумча корпусу,

-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеби,

-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 30 орундуу “Бөбөктай” балдар бакчасы,

-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы ФАП,

-Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылыныдагы 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу,

Ал эми капиталдык оңдоп түзөөлөр,

-Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылындагы ФАПтын капиталдык ремонтто жумуштары,

-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы №20 ГСВ,

-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы Ч.Айтматов орто мектеби.

-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы №22 ГСВ,

-Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн  Максат айылындагы 225 орундуу Максат орто мектептин оңдоп-түзөө иштери.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM