Биз менен байланышыңыз

Жапаров коңшу өлкөлөрдүн чек аралаш аймактарынын башчылары менен жолукту

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 174 | 0

Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Ражаббой Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаров менен жолугушту.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров чек ара аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо үчүн аймактар ​​аралык кызматташуу жана ушул сыяктуу жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргызстан кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык аспектилери боюнча ачык диалогго даяр экенин айтты.

«Биздин мамлекеттер ортосундагы чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо процессин мүмкүн болушунча тез арада аяктоо маанилүү. Чек ара маселелерин биротоло чечүү Борбор Азия чөлкөмүндөгү бир туугандык мамилелерди, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенем», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 102 чакырым долбоордук сызыгы боюнча макулдашышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM