Биз менен байланышыңыз

УКМК: Спирт ичимдиктерин колдо жасаган жашыруун цехтер табылды

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 282 | 0

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында, Ош базарындагы «Берекет универсал» соода түйүндөрүндөгү тинтүүнүн натыйжасында 3350 литрди түзгөн 16 миң 900 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер (арак, коньяк, виски жана текила) табылды.

Ошондой эле, 350 литр этил спирти, 2 миңден ашык жасалма акциздик маркалар, этикеткалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу машиналар, спиртти өндүрүү үчүн колдонулган атайын түзүлүштөр жана башка компоненттер табылган.

Курамында спирт бар продукциялар санитардык-техникалык жана медициналык нормаларды сактабай колдо жасалган. Мындай продукцияларды өндүрүү жана сатуу тиешелүү акциздик жана салыктык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу түрүндө экономикага олуттуу зыян келтирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM