Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күн бираз салкындайт

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 980 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-июлдан 22-июлга чейин өлкө аймактарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

20-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +21…+23, күндүзгү жогорку температура +33…+35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM