Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө VIP вагондо барууга болот. Билет баалары

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 997 | 0

Бүгүн, 19-июлда саат 14:00дөн тарта Бишкек-2 — Балыкчы багыты боюнча каттай турган жүргүнчү ташуучу вагонго билеттер сатыкка чыкты. «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашкандай, VIP вагон 21-июлда каттай баштайт.

Билет баасы: чоңдорго — 800 сом, балдарга — 400 сом.

«Бишкек-2 – Балыкчы» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Балыкчы» бекетине саат 11:46да келет.

«Балыкчы– Бишкек-2» поезди «Балыкчы» бекетинен саат 17:48де жөнөйт, «Бишкек-2» бекетине 21:54тө келет.

Вагон коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун структуралык бөлүгү бекемделген. Дубалда кыргыз элинин байыркы оюм-чийимдери түшүрүлгөн этникалык стилдеги панно жайгашкан. Вагондо кыргыз оюулар менен кооздолгон жумшак дивандар, жаздыктар жана пардалар бар.

Абаны салкындатуу тутуму, стерео система, телевизор жана wi-fi орнотулган. Мындан тышкары, суусундуктарды сатып алуу үчүн муздаткыч бар.

Көлөмдүү панорамалык терезелер жүргүнчүлөргө Чүй жана Ысык-Көл облустарынын кооз жерлерин сүрөткө жана видеого тартууга мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM