Connect with us

Миңден ашык үй-бүлө социалдык келишимдин алкагында бизнес ачты

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 195 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1106 аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык келишимдин алкагында тейлөө жана соода тармагында бизнес ачканын кабарлады.

Анын ичинен 586сы соода чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, 317си тамак – аш азыктары менен соода кылуу, 269уу кеңсе товарларын, кийим-кечелерди, телефондорду, этнотоварларды, зер буюмдарын, тоюттарды, шиналарды сатуу ж. б.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү 520 долбоордун ичинен дээрлик ар бир экинчиси такси кызматын көрсөтө баштады (191 долбоор). Дагы 159 долбоор бул коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр (ашканаларды ачуу, нан жана кондитердик азыктарды өндүрүү, полуфабрикаттар ж.б.).

26 сулуулук салону, 21 мончо, 7 бут кийим устаканасы, 22 курулуш шаймандарынын ижарасы, ошондой эле кир жуучу жайлар, химиялык тазалоо, бильярд, авиакасса, туризм, билим берүү, бут кийим устаканалары ж. б. ачылган.

2021-жылы президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде «Социалдык келишим» долбоору ишке кирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM