Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына кире бериште башаламан соода кылган сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы кабарлады.
«Сатуучулар унаа жолго жакын жерде соода кылгандыктан автоунаалар иретсиз токтоп, жол тыгындары пайда болууда. Туристтик мезгил учурунда мындай терс көрүнүштөр эс алууга келген меймандардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып жатат» , — деп айтылат маалыматта.
Сатуучулар жол жээктеринен алыстап, автоунаалардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдук болбогон жерге жылып соода кылууга макул болушуп, жол тыгындарын болтурбоо иштери кошумча көзөмөлгө алынды.