Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров ваучердик система зарыл экенин айтты

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 216 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясында билим берүүнү каржылоонун жаңы механизмдерин киргизүү жөнүндө сөз кылды.

Ал ваучердик система тууралуу айтып, айыл жана шаар мектептеринин ортосундагы билим берүүдөгү ажырымды кыскартуу зарылдыгын белгиледи.

«Каржылоо — мектептин статусуна, түрүнө жана жайгашкан жерине көз каранды болбошу керек, ар бир мектеп окуучу үчүн атаандашуусу зарыл. Айыл жериндеги балдарга колдоо шаардагыдай болушу керек, биз айыл жана шаар мектептеринин ортосундагы билим берүүдөгү ажырымды кыскартышыбыз шарт», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчы ваучердик механизмди киргизүү дыкат эсептөөнүн негизинде жана пилоттук түрдө кириши керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш июнь айында «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун колдогон. «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Ал министрлик сунуштаган долбоор менен бириктирилген.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу сунушталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM