Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров күзүндө кимдердин айлыгы көтөрүлөрүн айтты

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 473 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап мектеп директорлорунун, окуу бөлүмүнүн башчыларынын, ошондой эле жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын айлык акысы көтөрүлөрүн айтты.

«Бирок, эмгек акынын жогорулашы билим берүүнүн сапатына кандай таасирин тийгизерин билүү абдан маанилүү. Билим берүү тармагына 2023-жылы 60,9 миллиард сом каралган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 миллиардга көп», — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына катышты. Анда министрликтин, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорунун отчеттору угулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM