Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасынан өткөндөрдүн саны өстү. Статистика

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 232 | 0
Сүрөт: УКМКнын Чек ара кызматы

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

10-июлдан баштап «Достук-автожол» өткөрүү жайында жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы көбөйгөн.

Бир сутка аралыгында өткөрүү жайынан 18-22 миң адам өтөт. 2023-жылдын алты айында «Достук-автожол» бекети аркылуу 280 миң адам өткөн, 68 миңден ашуун транспорттук каражат өткөн.

Ал эми чек ара пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү тынымсыз чек ара көзөмөл жүргүзүүнү эсепке алганда, бир суткада 16 400 адамды өткөрүүгө ылайыкталган.

Жарым жыл ичинде өткөрүү жайынын аскер кызматчылары туура эмес документ көрсөткөн 595 жаранды аныкташкан.

2023-жылдын 6 айында гана «Достук-автожол» пунктунун чек арачылары жалпы суммасы 51 млн 652 миң сомду түзгөн аткезчилик жүк кармашкан, анын ичинде алтын буюмдар жана чет элдик валютадагы акча каражаттары да болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасынан өткөндөрдүн саны өскөнү узун кезекти пайда кылып, Ош облусунун базарларында дүңүнөн соода жүрө турган күндөрү (шейшемби, ишемби) өткөрүү жайынын алдында жеңил автоунаалардын топтолушуна да себепчи болууда.

Мындан тышкары, туристтик сезон убагы болгондуктан Кыргызстанга кирген, ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан  туристтердин агымы жогорулган.

«Достук-автожол» өткөрүү жайында паспорттук көзөмөл жүргүзүүчү 33 кабина орнотулган, анын 23ү иштейт.

2023-жылдын 18-июлга карата кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде төмөндөгү өткөрүү жайлары иштеп жатат:

— Жалал-Абад облусунда «Маданият-автожол», «Баймак-автожол»;

— Ош облусунда «Достук-автожол»;

— Баткен облусунда «Кызыл-Кыя-автожол», «Кадамжай-автожол», «Кайтпас-автожол», «Ак-Кыя-автожол», «Өтүкчү-автожол», «Чечме-автожол».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM