Биз менен байланышыңыз

19-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 225 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарындын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,

Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM