Биз менен байланышыңыз

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиевдин иниси Бишкектин Ленин районуна аким болду

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 545 | 0

Жыргалбек Шакиев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Шакиев буга чейин Аксы жана Чүй райондорунун акими болгон. Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси.

Бишкектин Ленин районунун мурдагы акими Мураталы Тагаев кызматтан алынды. Ал бул кызматка 31-мартта дайындалган. Ага чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими болгон.

2018-жылы Жалал-Абад шаарына мэр болуп шайланып, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин отставкага кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM