Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынды

Кыска кабар | 18 Июл 2023 | 282 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 31-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Документке ылайык, кыргыз тили Кыргызстандын мамлекеттик тили болуп саналат жана мамлекеттик тилди колдонуу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Мамлекеттик тил милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш болгон төмөнкү чөйрөлөр белгиленген:

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде;

– шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде;

– сот өндүрүшүндө, Куралдуу күчтөрүндө, укук коргоо органдарында;

– эл аралык келишимдерди түзүүдө;

– ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө;

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы мекемелердин жана уюмдардын аталыштарында;

– географиялык аталыштарда жана топонимика объекттеринин аталыштарында, адам аттарында;

– товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар;

– билим берүү, илим, маданият чөйрөлөрүндө, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгарууда, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын пайдалануучулар интерфейстеринде, эл алдындагы иш-чараларда, жарнама, транспортто, керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө.

3) 11-беренеде (Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын аталыштары) биргелешкен, чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылат. Кыргыз тилинин жазуу тамгаларынын транслитерациясын колдонуу эрежелери мамлекеттик тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет деп аныкталган;

Телерадио уюмдары үчүн мамлекеттик тилде берүүнүн милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек.

Мындан тышкары, расмий тил катары орус тили пайдаланылаары аныкталган. Расмий тилди пайдалануу мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Кыргызстанда жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM