Биз менен байланышыңыз

Өткөн дем алышта Ысык-Көл – Бишкек жолунда 360 айдоочуга айып салынды

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 563 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына кайткан унаалардын саны көп болгонун жана каршы тилкеге чыккан 7 айдоочуга, ылдамдыкты ашыра айдаган 353 айдоочуга айып пул салынды.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл жана Чүй облусу боюнча инспекторлор Бишкек — Ысык-Көл багыты боюнча айланма жолдо жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн дем алышта да иштеди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кошумча маршруттук унааларды уюштуруп, жүргүнчү ташуучу фирмалардан 30га жакын кичиавтобус жана 3 автобус сүйлөшүп, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына киргизген.

Мекеме жарандардын жана туристтердин Ысык-Көлгө баруусуна толук кандуу шарттар түзүлгөнүн, айдоочулардын жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алуусуна жол берилбей турганын билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM