Биз менен байланышыңыз

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 343 | 0

Ысык-Көлдүн Тоң районунда боз үй лагери (глэмпинг) ачылды. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдиргендей, учурда бир канча жерде ушундай долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын биринчиси Тоң районунда ачылды.

Боз үй лагеринин ачылышында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жаңы жетекчиси Абылкасым Шерниязов сөз сүйлөдү. Муну менен фондго жаңы жетекчи дайындалганы белгилүү болду.

Абылкасым Шерниязов Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин жана Оруксиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Буга чейин ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Азаттык» жана «Ата Мекен» партияларынан ат салышкан. Ал мурдагы депутат, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын бир тууганы.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова «коррупция» беренеси боюнча кармалып, соттун чечими менен 22-июлга чейин камакта калтырылган.

УКМКнын маалыматында фондго бюджеттен уставдык капиталына 1 миллиард сом бөлүнгөн, бирок каражат максатсыз пайдаланылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM