Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик катчы Эдил Байсаловдун парламент тууралуу айтканын колдоду

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 236 | 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун парламенттин дарегине айткан сөздөрү боюнча пикирин айтты.

Ал «Кабар» маалымат агенттигине 15-июлда берген маегинде белгилегендей, Эдил Байсалов парламентти өкмөттүн чарбалык иштерине аралашпагыла деп айтканы туура болду.

«2020-жылы башкаруу сиситемасы түп тамырынан бери алмашып, өлкөгө президенттик башкаруу орноду. Депутаттар мыйзам чыгарып, алардын аткарылышын гана көзөмөлдөгөн органга айланды. Бирок мурдагы көнүп калган адаттарынан кете албай жатышат. Чарба иштерине чейин аралашып кеткен учурларды көрүп жатабыз. Бул жерден «өкмөттүн чарбалык иштерине аралашпагыла» деп Эдил Байсалов туура айтты. Анткени чарбалык иштерди өкмөт аткарыш керек. Жылына бир жолу келип Жогорку Кеңешке отчет берип турушат» , — деди мамлекеттик катчы.

Ал эми Эдил Байсаловду кызматтан кетирүү боюнча чечимди президент кабыл аларын кошумчалады.

Эдил Байсаловго жаңы мамлекеттик чин ыйгарылды

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын карап,  токтом кабыл алган. Аны кызматтан алуу президентке сунушталган. Өлкө башчы азырынча жооп бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM