Биз менен байланышыңыз

Тажик президент Эмомали Рахмон Сауд Арабиясына барат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 285 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки күндүк сапары менен Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу «Озоди» радиосу тажик президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзодага шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Эмомали Рахмон Жидда шаарына 18-июль күнү түштөн кийин барып, эртеси Борбор Азия өлкөлөрү менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин алгачкы саммитине катышат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алганда 19-июлда Жидда шаарында өтө турган саммитке катышуу үчүн чакыруу алган.

2022-жылы сентябрда Сауд Арабиянын баш калаасында Перс булуңундагы жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде алгачкы жолугушуу өткөн. Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине аталган булуңга чыгуу мүмкүндүгүнө ээ алты араб өлкөсү кирет: Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Бахрейн, Оман жана Катар.

Эмомали Рахмон акыркы жолу кичи ажылыкка 2016-жылы январда, Сауд Арабиясына жасаган сапарынын алкагында барган. Анда аны жубайы, балдары жана делегация мүчөлөрү коштоп жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM