Биз менен байланышыңыз

19-июлга чейин күн салкындабайт

Кыска кабар | 16 Июл 2023 | 282 | 0

17-19-июль күндөрү өлкө аймагында ысык аба ырайы сакталып, абанын күндүзгү температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин күн ысыйт.

Адистер мындай кургак ысык аба ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаш керектигин эскертет. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл. Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат.

17-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +20…+22, күндүзгү жогорку температура +36…+38 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM