Биз менен байланышыңыз

«Мекен карт» документин 18 адам алды

Кыска кабар | 16 Июл 2023 | 1164 | 0

2023-жылдын март айынан бери «Мекен картты» 18 адам алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

«Мекен карт» алуу үчүн 34 арыз түшкөн. Арыздар онлайн режимде кабыл алынып, андан кийин комиссия тарабынан каралат.

Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болуп, кийин чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерге, алардын балдарына, неберелерине берилет. «Мекен карт» — паспорт сыяктуу эле документ. Ал чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарын колдоо максатын көздөйт.

«Мекен карт» алууну каалагандар Кыргызстандын ичинде калкты тейлөө борборлоруна, чет өлкөдө Кыргызстандын дипломатиялык мекемелерине кайрылса болот.

Документ 10 жылга берилет. «Мекен карт» документин алган чет өлкөлүктөр Кыргызстанга визасыз кирип-чыга алат, транзит менен жүрүү, орун которуу укугу бар.

«Мекен карт» алуунун жол-жобосу жана баасы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM