Биз менен байланышыңыз

«Мекен карт» алуунун жол-жобосу жана баасы

Блог , Кыска кабар | 13 Мар 2023 | 2059 | 0

13-марттан тарта «Мекен карт» үчүн документ кабыл алуу башталат. Эмнелерди билүү керек? 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин диаспора жана мекендештер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Кымбат Кадыралиева «Маралдын» түз эфиринде маалымат берди.

Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болуп, кийин чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерге, алардын балдарына, неберелерине берилет. «Мекен карт» — паспорт сыяктуу эле документ. Ал чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарын колдоо максатын көздөйт.

Кайсыл жакка кайрылуу керек? 

«Мекен карт» алууну каалагандар Кыргызстандын ичинде Калкты тейлөө борборлоруна, чет өлкөдө Кыргызстандын дипломатиялык мекемелерине кайрылса болот.

Кандай документтер талап кылынат? 

-Паспорт,

-соттолбогондугу тууралуу маалымкат,

-мамлекеттик алымдарды төлөгөндүгү тууралуу квитанция.

Документтер тапшырылгандан кийин болжолдуу бир ай ичинде комиссия чечим чыгарат.

«Мекен карталарын» алуу үчүн документтердин тизмеси Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайттарына жайгаштырылат.

«Мекен картты» алган мекендештерге каралган жеңилдиктер:

Документ 10 жылга берилет. Аны берүү үчүн атайын мекемелер аралык комиссия түзүлөт. Ага УКМКдан, ИИМден, Калкты каттоо кызматынан, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен өкүлдөр мүчө болуп кирет.

«Мекен карт» документин алган чет өлкөлүктөр Кыргызстанга визасыз кирип-чыга алат, транзит менен жүрүү, орун которуу укугу бар.

-жашоого уруксат кагазын албай, туруктуу жашаса болот;

-эмгек визасын тариздебей иштей алат, бирок «Мекен карты» бар жаран мамлекеттик, муниципалдык кызматкер боло албайт жана шайлоого катыша албайт; 

-саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү кызматтардын акысын Кыргызстандын жарандары менен бирдей шартта төлөйт;

-Кыргызстандын чек арасынан өткөн учурдан тарта 90 жумушчу күндүн ичинде турган жери боюнча каттала алат;

-жер үлүшүн бир жыл колдонгонго укугу болсо, эми жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тарта он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүүгө укуктуу.

Баасы канча? 

Карта Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан иштелип чыгат, баасы 300 сом. Андан тышкары «Инфоком» мамлекеттик мекемеси автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыкты, тагыраагы, персонификация 697 сом. Муну менен катар мамлекеттик алымдын суммасы 10 миң сом.

Чет жактагы дипломатиялык мекемелерден алса, 40 доллар болот. Жалпылап айтканда, «Мекен картты» Кыргызстандын ичинде алса 11 миң 315 сом, эгер чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрдөн алса, 15-16 миң сом төлөйт.

Сүрөттө «Мекен карттын» үлгүсү. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM