Биз менен байланышыңыз

Суу маселеси боюнча нааразылык акциясына чыккан үч киши кармалды

Кыска кабар | 16 Июл 2023 | 486 | 0

Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектелип, блогер, Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Искаков жана эки жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

14-июль кечинде Бишкекке жакын жайгашкан Селекция айылында жергиликтүү тургундар суу маселесине байланыштуу нааразылык билдирип, Түштүк магистралдын бир бөлүгүн жабышкан. Тургундар үч айдан бери суу жетпей жатканын айтышкан.

Милициянын маалыматына караганда, жолду тоскон жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, бирок алар милиция кызматкерлери тарапка “таш ыргытып”, жолду тосууну улантышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында автоунаа өтүүчү жол 15-июлга караган түнү саат 02:00дө ачылып, чогулган эл тараган. Бул окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

ИИМ текшерүү учурунда бул атайын уюштурулган иш-чара экендиги такталганын билдирди.

“Блогер Эртай Искаков радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин белгилеп “жолду жабуу” керектигин айткан жана ал өзү өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды” , — деп айтылат маалыматта.

Бейбаштык беренеси боюнча 15-июль күнү кылмыш иши козголгон. Анын алкагында, үч киши кармалды.

Жарандык активист Эртай Исаков кечээ милиция кызматкерлери аны Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө алып бара жатканын билдирген.

Эртай Искаков Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз берген. Ушул эле округда 28-майда өткөн шайлоодо да ат салышып 1317 добуш алган.

Copyright © 2017 Maral FM