Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Hyundai жана Kia заводдорун ачуу сунушталды

Кыска кабар | 15 Июл 2023 | 650 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда Hyundai жана Kia сыяктуу алдыңкы компаниялардын автомобиль заводдорун ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал 15-июлда Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк менен жолугушууда айтты.

Акылбек Жапаров Кыргызстанга автоунаа импорттоо боюнча Корея биринчи орунда экенин кошумчалады.

Ошондой эле Кыргызстанда гидроэнергетика, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы, мейманкана комплекстерин куруу боюнча ири кореялык ишканалардын жана корпорациялардын болушуна кызыкдар экенин белгиледи.

«Учурда алдыңкы кореялык компаниялар менен кызматташууну бекемдөө боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Май айында «Банктар аралык процессинг борбору» комппаниясы менен кореялык BC Card жана Smartro компанияларынын консорциумунун ортосунда биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандумга кол коюлган», — деди Жапаров.

Тараптар мындан тышкары, «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын ишин жакшыртуу» долбоору боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул долбоор Корея менен биргеликте Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын чыңдоого багытталган.

Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк Кыргызстанга расмий сапары менен 14-июлда келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM