Биз менен байланышыңыз

Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 15 Июл 2023 | 126 | 0

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан Сауд Араб Падышалыгы менен мамилени чыңдоого чоң маани берерин белгиледи. Анын ичинде туризм тармагындагы кызматташтык, үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуу тууралуу сөз кылды.

Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Садыр Жапаровго 19-июлда Жидда шаарында өтө турган Булуңдагы араб мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин саммитине катышуу үчүн Сауд Арабиянын Падышасынын атынан чакыруу катын тапшырды.

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Сауд Арабиянын Flynas авиакомпаниясы Жидда-Бишкек-Жидда багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачат.

Жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Ушул эле  Flynas авиакомпаниясы 21-августтан тарта Жидда-Ош багыты боюнча аба каттамдарды ачат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM