Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Польша менен кызматташат

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 172 | 0

Бүгүн, 14-июлда Бишкекте Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Польшанын Аудитинин жогорку органынын президенти Мариан Банас башында турган делегация менен жолугушту.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Польшанын делегациясынын Кыргызстанга иш сапарынын максаты, биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштөө болуп саналат.

Жолугушууда Кыргызстандын Эсептөө палатасы менен Польшанын аудит мекемесинин ортосунда кызматташуу келишимине, ошондой эле INTOSAI өнүгүү демилгеси ортосунда үч тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.

Бул макулдашуулар тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө жүргүзүү, аудитордук иш-чараларды өткөрүү боюнча маселелерди камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM