Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы 14-июлда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 201 | 0

Өзбекстанда президент болуп кайра шайланган Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы 14-июлда парламенттин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйынында өтөт. Бул тууралуу Олий мажлистин билдирүүсүндө жазылган.

Расмий маалыматтар боюнча, 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05%, Робахон Махмудова 4,43%, Улугбек Иноятов 4,02% жана Абдушукур Хамзаев 3,74% добушун алган.

Мирзиёев 2021-жылдагы ант берүү аземинде Өзбекстанда конституциялык реформа жүргүзүүнү сунуштаган. 2022-жылы июнда ал Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү референдум аркылуу кабыл алууну демилгелеген.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча референдум быйыл 30-апрелде өткөн. Расмий маалыматтарга ылайык, анда шайлоочулардын 90,2% Конституцияны өзгөртүүнү колдосо, 9,35% каршы добуш берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM