Connect with us

Он эки кыргызстандык Европанын университеттерине магистратурага тапшырды

Кыска кабар | 13 Июл 2023 | 421 | 0

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, 12 кыргызстандык Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө биргелешкен магистратура программаларына катышуу үчүн Erasmus+ программасынын алкагында стипендия алышты.

Окууга кабыл алынган 12 студенттин 11и толук стипендия алса, бир студент жарым-жартылай каржылоону тандаган. 12 студенттин 10у кыздар.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсондун айтымында, Erasmus+ программасы академиялык жетишкендикти жана маданияттар аралык алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.

«Толук стипендия окуу акысын, медициналык камсыздандырууну, жатакана жана жол кире чыгымдарын камтыйт. Бул биздин студенттерге билим берүү процессине толук киришүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, студенттер ай сайын миң евродон 1400 еврого чейин стипендия алышат, бул алардын негизги муктаждыктарын канааттандырууга жана жеке өсүүсүнө көмөктөшөт» , — деди ал.

Стипендиаттардын көпчүлүгү саламаттыкты сактоо тармагындагы адистикти тандашкан. Мындан тышкары, коомдук илимдер, информатика/маалымат, туруктуу өнүктүрүү, экономика/бизнести тандашкан.

Европада магистратурага өткөн студенттердин басымдуу бөлүгү Борбордук Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрү. Мындан тышкары Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-түрк «Манас» университети жана башка окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү бар.

Программанын эрежелерине ылайык, тандалган студенттер эң аз эки өлкөдө окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алат. Негизги багыттар — Улуу Британия, Португалия, Франция, Испания, Италия, Норвегия, Германия жана Израил бар.

Erasmus+ Европа Биримдигинин билим берүү, окутуу, жаштар жана спортту колдоо программасы. Анын бюджети 26,2 миллиард еврого бааланган.

2015-жылдан 2023-жылга чейин программа Кыргызстандан жалпы бюджети 5 млн евродон ашык суммага 830 студент жана окутуучулардын академиялык алмашуусуна, магистр даражасын алуусуна көмөктөшкөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM