Биз менен байланышыңыз

Караколдо жолдун курулушунда мамлекетке 1,7 млн сом зыян келтирилген

Кыска кабар | 13 Июл 2023 | 275 | 0

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырымын реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Башкы прокуратура билдиргендей, жолдун курулушунда мамлекетке 1,7 млн сом зыян келтирилген.

Текшерүү көрсөткөндөй, дирекциянын айрым кызмат адамдары кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалган. Жарым жылга айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом зыян келитирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM