Биз менен байланышыңыз

«Чоң жети» Украинанын коопсуздугу жөнүндө декларацияга кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июл 2023 | 249 | 0

«Чоң жетиге» кирген өлкөлөр Вильнюста өткөн саммитте Украинанын коопсуздугун камсыздоо боюнча билдирүү кабыл алышты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Декларацияда Киевди узак мөөнөттүү колдоонун негизги чаралары белгиленген. Биринчиден, бул Украинаны азыр коргоого жана келечекте Орусиянын ыктымал агрессиясын токтотууга жардам берүү. Чоң жетилик Украинаны заманбап курал-жарактар менен камсыздоого, украин аскерлерин машыктырууга жана чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүгө милдеттенме алат.

Мындан тышкары “Чоң жети” Украинанын энергетикалык коопсуздугун жана экономикасын чыңдоого, анын ичинде согуштан жапа чеккен өндүрүштөрдү калыбына келтирүүгө жардам берет.

Келечекте Орусия Украинага каршы агрессиясын кайталаса, “Чоң жети” Украинага тез арада аскердик жана экономикалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү болот. Бул учурда чыгымдар үчүн эсеп-дүмүрчөк Орусияга жөнөтүлөт.

Өз кезегинде Украина демократияга берилгенин, адам укуктарын жана сөз эркиндигин сыйлаганын далилдөө үчүн бир катар реформаларды жүргүзүүгө милдеттенме алат. Киев экономиканы туруктуу өнүгүү жолуна салууга, ошондой эле армияга демократиялык көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш.

«Чоң жетиге» АКШ, Германия, Жапония, Франция, Канада, Италия жана Британия кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM