Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ишмер Жаныш Рустенбековдун сөөгү жерге берилди

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 195 | 0

Мамлекеттик ишмер, дипломат Жаныш Рустенбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү да катышты. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Жаныш Рустенбеков 74 жаш курагында 11-июлда дүйнөдөн кайтты.

Ал Легендарлуу парламенттин депутаты, мамлекеттик катчы, президенттин администрация жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты, Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Казакстанстндагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы элчиси болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM